Сүрөт — Лейлекте биринчи жолу жүрөккө операция жасалды
Turmush - 18-январда Лейлек районунун Исфана шаарындагы аймактык ооруканада биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына кардиохирург Жаныбек Гайбулдаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Баткен облусунун аймагында мындай оор операция жасалган эмес. Анткени облус аймагындагы ооруканалардын шарты туура келбейт. Ошондой эле кардиохирург дарыгерлер жок. Бишкек шаарынан келген тажрыйбалуу дарыгерлер Лейлек районунда жашаган бейтап тууралуу маалымат алган соң ага Исфанада операция жасоону чечишкен.
«Азыркы учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Операция жума күнү эртең мененки саат 9:00 чамасында башталып, 12:00го жакын бүттү. Мындай операцияларды Бишкекте күнүгө эле жасап жүрөбүз. Бул бизге техникалык жактан эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Бул жерде операцияны башка аймакта жасаганыбыз үчүн башында кичине толкундануу болду. Бирок операция биз каалагандай өттү», - деди хирург.