Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 17.01.2019 12:10 Жаңыланды: 17.01.2019 15:02

Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак, Кайтпас айылдарында кичи футбол аянтчалары ачылды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 17-январда Кадамжай районунун Кайтпас айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.

Маалым болгондой, аянтча 2 млн 900 миң сомго курулган. Анын 1 млн 65 миң сому жергиликтүү бюджеттен, калган бөлүгү түрткү берүүчү гранттан каржыланган.

«Биздин айыл Өзбекстандын 4 айылы менен чектешет. Буга чейин эки улуттун жаштарын ынтымакка чакырган спорттук иш-чараларды шарт жоктугунан уюштура албай келгенбиз. Жаштар жумушсуздуктан, бекерчиликтен терс көрүнүштөргө берилип кеткен учурлар болгон. Азыр футбол аянтчасы ачылып, бул көйгөйлөрдү алдын алууга жана эки улуттун жаштарын ынтымакка чакырууга шарт түзүлдү», - деди Кайтпас айылынын башчысы Абытжан Мурзакозуев.

Иш-чарада айыл аксакалдары да аянтка келип, баталарын берип, дарбазага топ тээп киргизишти. Аянтчанын ачылыш аземине айыл тургундары, облус жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.

Кайтпас айылы Өзбекстан, Алты-Арык, Капут, Мазар-Буа, Калайноо айылдары менен чектешет.

Ушундай эле кичи футбол аянтчасы Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылында дагы ачылды. Бул аянтчанын жалпы сметалык баасы 2 млн 993 миң сом. Анын ичинен 1 млн 928 миң сому гранттын эсебинен, 1 млн 649 миң сому айыл өкмөт тарабынан каржыланган.

«Жыл башында район аймагында 2 кичи футбол аяньчасы ачылды. Спорт аркылуу достукту чыңдоо максатында аракет кылуудабыз», - деди Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков.

Жаңыдан курулган футбол аянтчасын алгач айылдагы эң жаш бала жана эң аксакал адамы топ тээп ачып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×