Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.01.2019 13:04

Кызыл-Кыя шаарына өзбекстандык ишкерлер келип, кызматташтык маселесин талкуулашты

Turmush -  Кечээ, 15-январда Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилиги Өзбекстандын Кувасай шаарынын акиминин орун басары, Кувасай шаарындагы жеке ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, аталган жолугушууда эки шаардын эмеректерди чыгаруучу биргелешкен ишканасын ачуу, айыл чарба продукциялары, соода-сатык маселелери боюнча меморандумга кол коюлду. Ишкерликтен тышкары мамлекеттер ортосундагы кызматташтык, достукту чыңдоо багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×