Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-февраль
Баткен облусу, Сүлүктү 16.01.2019 09:05

Сүлүктүлүктөргө жаңы күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Сүлүктү шаардык прокуратурасынын өкүлдөрү Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуп, 1-январдан тарта күчүнө кирген мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу кечээ, 15-январда шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында жаңы мыйзамдар коомчулукту гумандаштырууга, кримчөйрөнү азайтууга жана адам өмүрүнүн коопсуздугун жогорулатып, коомдук тартипти камсыздоого багытталгандыгы айтылды. Андан тышкары кылмыштарды каттоо китебинин ордуна автоматташтырылган электрондук база кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлгөндүгү кабарланды. Шаар тургундары тарабынан көптөгөн суроолор берилип, жооптор алынды.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 күн ичинде эле 10 мыйзам бузуу катталган. Анын ичинен жетөөсү жоруктар болсо, үчөө кылмыш иштер. Бул фактылар боюнча укук коргоо органдары иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×