Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Баткен облусуКадамжай району 11.01.2019 20:00

Кадамжайдын борбордук көчөсүндөгү унаа тыгындар элге ыңгайсыздык жаратууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун борбордук көчөсүнүн эки чети унаа токтоочу жайга айланып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздык жаратууда. Алардын айтымында, бул жолдон жүк ташуучу унаалар дагы өтөт.

«Бул жер таксисттердин унаа токтоочу жайына айланган. Ош—Баткен чоң жолунун эки жагына унаалар катарлашып турат. Ал аз келгенсип жолдон өткөн унаалар тыгылышып, жөө жүргүнчүлөргө кооптуулук жаратууда. Тиешелүү кызматтар карап койсо болмок», - деди алар.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бул жер тар болгондуктан ушундай абал жаралгандыгын айтты. Кадамжай шаардык мэриясы менен биргеликте чогуу чара колдонуп, жакынкы күндөрү жол чырактар коюлат. Жол чырактар коюлса, жолдун эки четиндеги таксилер автобекеттин ичине киргизилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.19% (750)
«РСК Банк»
27.94% (394)
«Капитал Банк»
6.6% (93)
...
Всего голосов: 1410
×