Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусу, Баткен 11.01.2019 11:55

Баткенде мыкты милиция бөлүмдөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 10-январда Баткен облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн мыктылары аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов иш сапары менен Баткен облусуна келди. Анда атайын жыйын өтүп, мыкты милиция бөлүмдөрү аныкталды. Аларга атайын сыйлыктар тапшырылды.

«Мыкты ички иштер бөлүмү» сынагынын жыйынтыгы:

- 1-орун — Кадамжай РИИБ (диплом, жана вымпел, кызыл туу менен сыйланды).

- 2-орун — Кызыл-Кыя ШИИБ,

- 3-орун — Сүлүктү ШИИБ.

Ал эми «Мыкты ардагерлер кеңеши» наамында 1-орунга Сүлүктү ШИИБдин ардагерлер кеңеши, 2-орунга Лейлек РИИБдин кеңеши, 3-орунга Баткен РИИБдин кеңеши ээ болду.

Жыйындын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгын өткөрүүдө милиция кызматкерлери коомдун коопсуздугун жакшы камсыздап бергендиги үчүн шаар мэри Э.Топчубаев ыраазычылыгын билдирип, Курсан Асановго «Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы» төш белгиси менен сыйлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×