Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 10.01.2019 13:21 Жаңыланды: 10.01.2019 14:28

Фото — Баткенде бардык шарттары бар «Орто-Боз», «Достук» чек ара заставалары ачылды

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Баткен районунун Орто-Боз айылында «Орто-Боз» чек ара заставасынын имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, заставанын курулушу өткөн жылдын август айында башталып, декабрь айында толугу менен бүткөрүлгөн. Бул жерде чек арачылар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Заставанын ачылышына Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев, облус жетекчилигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Баткендеги «Достук» чек ара тозотунун жаңы комплекси, «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын комплекстүү имараты пайдаланууга берилди. Тажистан менен чектешкен 12 км ашуун чек араны кайтарган «Достук» чек ара заставасынын ачылышына Россиянын чек ара кызматынын өкүлдөрү жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев катышты.

«Иштөө үчүн жана окуу үчүн атайын бөлмөлөр, ашкана, жатакана, спорт залы, эс алуучу жайлары, мончосу жана кампасы бар комплекстүү имараттар Кыргызстан ЕАЭБге киргенден улам өлкөнүн тышкы чек араларын бекемдөө максатында курулду. Кыргызстан боюнча жалпы 11 объект анын ичинен бешөө Баткен облусунда курулган. Алар «Орто-Боз», «Достук» чек ара заставасы жана атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын жаңы имараты. Ошондой эле жакынкы күндөрү дагы 2 чек ара отрядынын ачылышы болот», - деп айтылды иш-чарада.

Андан соң Баткен чек арасындагы атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын жаңы имараты ачылды. Буга чейин аталган отряд эскилиги жеткен имаратта кзмат отоп келишкен. 50 орундуу комплекстүү имарат бардык шарттары менен курулду.

2018-жылы Кадамжай районунун Бүргөндү өрөөнүндө «Газпром» чек ара заставасы, Баткен районунун Миң-Булак айылында чек ара застава ачылып, ишин баштады. Ал эми акыркы 3 жыл аралыгында чек арачылар үчүн Баткен шаарында 90 батирлүү, Исфана шаарында 24 жана 16 батирлүү, Баткен районунун Чарбак айылында 8 батирлүү үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×