Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуКадамжай району 10.01.2019 11:59

Кадамжайда мал айдап бара жаткан 11 жаштагы баланы унаа уруп кетип каза болду

Turmush -  6-январда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында мал айдап бара жаткан 11 жаштагы баланы унаа уруп кетип каза болду. Бул тууралуу маалыматты укук коргоо кызматкерлери тастыктады.

Маалым болгондой, кырсык саат 08:30 чамасында болду. 5-класстын окуучусун «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал кырсыктан алган оор жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган кырсык боюнча учурда Кадамжай РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×