Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Баткен 10.01.2019 09:38 На русском

Баткенде таанышын алдап, 120 миң долларын алып кетүүгө шектелген адам кармалды (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну Исраил Ганиев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2015-жылдын февраль-март айларында Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарында соода менен алектенип жүргөн. Ошол учурда Орозбеков айылынын 48 жаштагы тургуну А.К.нын ишенимине кирип, «3 айда кайтарып берем» деп 120 миң долларын алган. Карызды алып жатканда базарда ижарага алган 40 тонналык контейнердеги товараларын жана 3 контейнердин ичиндеги товарларын көрсөтүп ишенимге ээ болгон. Бирок акчаны мөөнөтүндө кайтарып бербестен эч кимге билгизбей изин суутуп кеткен.

Алданган А.К.га ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилгендиктен 2017-жылы алдамчылык беренеси менен кылмыш иш козголгон. Кылмыш иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө И.Ганиев тергөөгө келбестен, изин жашырып качып кеткендиктен сыртынан айыбы угузулган. 2017-жылдын 14-августунда Баткен райондук соту аны камака алуу өкүмүн чыгарган.

Подозреваемый в совершении преступления

Баткен ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлеринин иликтөө иштеринин натыйжасында И.Ганиев алгач Россияда экендиги аныкталган. Андан кийин ал Казакстан аркылуу Өзбекстандын Маргалаң шаарында өтүп, ошол жакта качып жүргөн жеринен кармалды. 2018-жылдын 19-декабрында Баткен облусуна экстрадиция болуп, алынып келди.

Баткен ОИИБ сүрөттөгү адамдан дагы жабыркагандар болсо 03622 50226 же 102 номуруна кайрылууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×