Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусуКадамжай району 10.01.2019 15:15

Кадамжайда бир нече айылды селден сактоо үчүн кампа курулду

Turmush -  Кадамжай районун районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 70 миң кубдук сел кампасы курулду.

Маалым болгондой, анын курулушуна эл ашар жолу менен салым кошушса, айыл өкмөт 300 миң сомдук долбоор жазышкан. Анын негизинде ӨКМден керектүү каражаттар каралган. Натыйжада сел дамбасынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.

Эми Ак-Турпактагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Чоң-Кара жана Ак-Турпак айылында сел коркунучу аз да болсо жоюлду. Буга чейин аталган айылдарга сел келип, жергиликтүүлөргө чыгаша алып келчү. Маселен өткөн жылы гектарлаган шалы талааларын сел суулары жууп кеткен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×