Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусу, Баткен 09.01.2019 13:19 Жаңыланды: 09.01.2019 14:32

2018: Сабалган жоокерлер, куралчан аскерлердин тиреши, талкаланган үй, аккан кан: Баткендеги чек арада катталган чыр-чатактар

Turmush -  2018-жылда Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусунда да көңүл сыртында калтырууга болбой турган бир катар окуялар катталды. Алардын ичинен чек арадагы чырлар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Turmush басылмасы Баткендеги чек арада катталган чыр-чатактарды ыкчам, так жана ар тараптуу чагылдырып турду. Анда өткөн жылы Баткен облусунда орун алган чатактардын тизмесин сунуштайбыз.

Баткендин Согмент айылынын тургундары чек араны зым менен тосууну суранышып...


2018-жылдын 4-январында Баткен районунун Өзбекстан менен чектешкен Согмент айылынын тургундары чек араны зым менен тосууну суранып чыгышты.

Айыл тургуну Кочкорали Артыкбаевдин айтымында, элеттиктер малын эле эмес, балдарын да кайтарып калышты. Анткени чек ара тосулбай, Өзбекстан тарапка өтүп кеткен мал кайтпай да калат. Согменттиктер 4 жылдан бери Өзбекстандын Хушяр айылынын эли менен мамиле кылбайт.

«2013-жылы болгон Чарбак окуясына чейин Хушяр айылы биздин Кара-Суу булагыбыздан суу тартып ичишчү. Биз алардын базарынан турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды, азык-түлүктү алып турчубуз. Баткен шаарына жалаң документ иштери менен гана барып турчубуз. 4 жыл мурдагы окуядан бери элибиз Хушяр айылы менен алаканы үздү. Ошондон бери кошуна болуп жашаган өзбек-кыргыз бири-бирине салам да беришпейт. Той-аштарга барып турчубуз, азыр чек арадан өтө албайсың. Малыбызды эле эмес балдарды да кайтарып калдык», - деди ал.

Ал эми Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, азыркы учурда Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Сох районунун чек арасы 85% такталган. Алдыда чек араны демаркациялоо, тосуу жумуштары аткарылат.

Кадамжайда Өзбекстандан кайтарылып алынган имараттар логистикалык борборго айланат же ижарага берилет

15-январда Кадамжай районунда Өзбекстандан кайтарылып алынган имараттар логистикалык борборго айланат же ижарага бериле тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Дастан Досатов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кайтарылып алынган имараттардын төртөө социалдык объектилерге айланган.

«6 имараттын бирөө оңдоп-түздөөдөн өтүп, 100 орундуу бала бакчага айланды. Калганы жаштар үчүн баарлашуучу жай, айыл өкмөттүн кеңсеси жана маданият үйү болуп оңдолду. Эми калган 2 имаратты март айында жергиликтүү кеңештин сессиясына коюп, жер-жемиш сакталчу логистикалык борборго айлантууну же жеке ишкерлерге ижарага берели деп пландап жатабыз», - деди Досатов.

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы имараттарды 2005-жылга чейин Өзбекстан иштетип келген. 2015-жылы имараттар Кыргызстандын карамагына өткөн.

Видео — Тажик чек арачылары Лейлектин Сай аймагындагы көпүрөнү тосуп алууга аракет кылышты

8-февралда тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышты. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар.

«Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар үчүн контейнер орнотконбуз. Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деген Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев.

Учурда Максат айылында абал тынч. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган жайда жүрүшөт.

Окуучулар каттаган көпүрө

Тасма жергиликтүүлөр тарабынан тартылган

Буга катар Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап бир тараптуу түрдө чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтоткондугун кабарлады.

Тажик тарап 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйттү.

«Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучуларды өткөрүү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу.

Тасма Кыргызстан тараптан тартылган

Мамлекеттик чек ара кызматы саат 18:00 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында тажик тарап көпүрөнү ачып, аталган аймактан кетишкендигин кабарлады.

Максат айылынын тарыхы:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылы мындан 20 жыл мурун түптөлгөн. Максат айылы түштүгүнөн Тажикстандын Овчикалача айылы менен чектешет. Эки айылдын ортосун чоң жол гана бөлүп турат.

Село Кулунду Лейлекского района

Айыл чек арада жайгашкандыктан кооптуу аймактардын бири катары эсептелет. 2014-жылдын август айында Максат айылында жайгашкан «Достук» көпүрөсүн куруу учурунда эки тараптуу атышуу болуп, кан төгүлгөн. Ошондон улам аталган аймакта чек араны бекемдөө зарылчылыгы курч бойдон турат.

Максат айылы 1993-1994-жылдары мурунку президент Аскар Акаевдин демилгеси менен түптөлгөн. Ал кезде ӨКМ тарабынан 60 үй курулуп, ага Лейлек районундагы кырсыктан жабыркаган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көчүрүлгөн. Ошондон тарта айылды түптөө иштери жанданган эле.

Айыл тургундарынын айтымында, Тажикстан менен болгон чек араны бекемдөө максатында айыл Максат деп аталып калган.

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, контейнердин ордуна башка көпүрө коюлду (фото)

10-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал тынч экендиги айтылды жана каналга жаңы көпүрө коюлду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы көпүрөгө байланышкан окуядан улам 8-февралда Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахматзоода телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов окуя болгон жерге барып, Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун акими менен жолугушту. Анын натыйжасында кыргыз тараптан көпүрө катары коюлган контейнер алынып, ордуна жаңы көпүрө куруу боюнча макулдашышкан.

Видео — Баткенде тажик тарап жер талашып, чек арада чыр чыкты (видео)


3-мартта Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар кабарлады.

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чатак чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, чыр чыгарып жиберип, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин жетишти. Тажик тарап 2 аптадан бери контейнер коюуга аракет кылып келишкен.

Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери иш алып барып, кырдаалды көзөмөлдөгөн.

Ал эми, экинчи маалыматтарга караганда, жаңжал саат 17:00 чамасында чыкты. Чырдын чыгышына Кыргызстандын Үч-Дөбө айылынын тургуну чарбагын тосуу үчүн дубал курууга кылган аракети себеп болгон. Тажик тарап «бул такталбаган жер, мында курулуш курганга болбойт, эки тараптуу келишимде ушинтип сүйлөшүлгөн» деп нараазы болуп, натыйжада 2 тараптан ондогон адамдар топтолгон. Ортодогу чатак эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусуна чейин жеткен. Натыйжада кыргыз тараптан 1-2 адам жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Тажик тараптан да жабыркагандар бар.

Чыр чыгууга себеп болгон дубал

Чыр чыккан жерге милиция кызматкерлери, Баткен чөлкөм чек ара башкармалыгынын башчысы Замир Мийзаев баш болгон чек ара кызматкерлери келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалды көзөмөлдөшкөн.


Баткен облусунун жетекчилиги эмне дейт?

Чатактан улам кыргыз тараптан 1 адам, жабыр тартты. Ыргытылган таштан улам бир үйдүн чатыры жана унаанын айнеги сынды.

Баткенде чек арадагы чатакта талкаланган үйдүн чатыры оңдолду (фото)


6-март күнү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу облус жетекчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, Үч-Дөбө айылында учурда абал тынч. Күч түзүмдөрүнөн күчөтүлгөн топ участокто нөөмөттө турат. Жабыр тарткан адамдын үйүнүн чыгымдары такталды. Ага облустук, райондук, айыл аймактык бийликтер тарабынан материалдык жардам берилип, үйдү оңдоп-түздөө иштери башталган. Баткен районунун жана Ак-Сай айыл аймагынын жетекчилиги менен бүгүн жабыркаган үйдүн чатыры жаңыланып, сынган тарабындагы шиферлер жаңысына алмаштырылды. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан үй ээси Абдираим уулу Амирбекке 25 миң сомдук жардам көрсөттү.

Баткен районунун акими Кеңеш Каримовдун айтымында, чатак учурунда 3 адамдын үйлөрү зыян тарткан. Алар Үч-Дөбө айылынын тургуну Баяманова Ажарбүбүнүн үйүнө 67 миң сомдук, Болот Даабековдун үйүнө 6000 сомдук, Абдилла Байзаковдун үйүнө 7000 сомдук зыян келтирилген. Учурда Ажарбүбү Баяманованын үйүнүн чатыры алмаштырылып, эшик-терезелери жаңыланууда.

Чыр чыккан учурда талкаланган үй

Видео: Баткенде чек арада жашаган кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып кете жаздады

31-майда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып кете жаздады.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, жаңжал эртең менен саат 11:00 чамасында чыккан.

Жергиликтүү тургун Камчы Баймуратовдун айтымында, пикир келишпестиктин чыгышына Кыргызстандын жараны чек арада эки тарап колдонуп келген 10-15 метр жерди сүрдүрүп, жолду өзгөртүүгө аракет кылганы себеп болгон. Себеби жол анын үйүнүн чарбагынан өтчү. Тажик жарандары «чек ара тактала элек, жолду мурунку калыбына келтир» деп өз жаңжал чыгып, мушташа кетишкен. Тажик жараны таштан башынан жаракат алган. Жеринде ыкчам иш алып барган милиция кызматкерлеринин жардамы менен чатак 5 мүнөткө жетпей токтотулду.

Видео — Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, тажикстандык аскерлер кармалды

4-июнда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат аймагынын Футбол талаасы тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя саат 17:10 чамаларында болуп, тажик чек арачылары эскертүү катары асманга ок атышкан. Жаңжалга тажикстандык аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турум сызыгын бузганы себеп болгон. Алар баш аламан соода кылган кыргызстандык жарандарды футбол талаасы тилкесинен кубалап чыккан.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда башталган жаңжал Кыргыз Республикасынын чек ара күзөтү барган учурда токтотулган. Кыргызстандык чек арачылар Тажикстандын аскер кызматкерлерине маселени аталган ыкма менен чечпөө тууралуу эскертүү берип, ошондой эле алар макулдашылбаган тилкеде экенин айтып, ал жерден чыгып кетүүнү талап кылышты. Алар коюлган талапты аткаруудан баш тартып, чагымчылдык кылып, эскертүүчү ок чыгарышкан. Андан кийин алар кыргызстандык чек ара күзөтү тарабынан кармалды. Ошондой эле Лейлек району менен Тажикстандын Жаббар – Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан чек арадагы жаңжалда кармалган аскерлерди Тажикстанга өткөрүп берди


5-июнь күнү Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда кармалган Тажикстандын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери тажик тарапка өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июнь күнү жаңжалдан кийин дароо Кыргыз Республикасынын Лейлек району жана Тажикстан Республикасынын Жаббар–Расулов багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушкан. Анын жүрүшүндө кыргыз тарап кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлердин жүрүм-турумунда эреже бузууларга жол бербөө керектигин айтып, ошондой эле мындай жаңжалдарды болтурбоо талабын койду. Жолугушуунун жыйынтыгында кармалган тажикстандык аскерлер тажик тарапка өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары тергөө жүргүзүп, ага эки мамлекеттин аскер прокуратурасын тартуу чечими кабыл алынды.

Видео — Лейлекте чек арадагы чырдан кийин кыргызстандыктар тажикстандыктарды ифтарга чакырып коноктоду

12-июнда Лейлек районунун Максат айылынын тургундары ынтымакты бекемдөө үчүн Тажикстандын Согди облусунун Офчу-Калача айылынын тургундары менен биргеликте ифтар уюштурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, ифтарга 100гө чукул киши келди. Коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында эки элди чакырып, ооз ачырган Баткен облусунун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чара чек арадагы кыргыз-тажик айылдарынын элинин ынтымагын бекемдейт деп белгилешти.Аталган ифтарды уюштуруу демилгесин Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода телефон аркылуу макулдашкан.

Кадамжайдагы чек арада чатак чыгып, жаракат алган ата-балага жардам көрсөтүлдү

18-июлда Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан улам 2 кыргызстандык ата-бала жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүүлөр маалымдады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Булак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Шахимардан айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын кесепетинен кыргызстандык ата-бала жаракат алып, Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган.

Оорукананын маалыматына караганда, алардын жаракаттары жеңил болгондуктан тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин кайра үйлөрүнө жиберилди.

Окуя 18-июда саат 20:00 чамасында Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына чектешкен Өзбекстандын Шахмардан айылында болгон.

«Анда Кадамжай районунун 48 жаштагы жана 18 жаштагы (ата-бала) тургундары, Машалаң жайлоосунан кайтып келе жатып, Өзбекстандын Шахмардан айылын кесип өтмөк болушат. Ал учурда 5-6 бейтааныш өзбекстандык тургундар аларды ур-тепкиге алышкан. Мындан улам денелеринен жаракат алган ата-бала Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылган. Бирок денелеринде оор жаракат жок болгондуктан тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, үйлөрүнө кайра кетишкен. Бул факт боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, териштирүү иштеринин аягында кылмыш иши козголор же козголбой тургандыгы белилүү болот», - деди Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Мамлекеттик чек ара кызматы эмне дейт?

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя Өзбекстандын Шахимардан анклавында болгон.

«Кыргызстандын 3 жараны Шахимардан анклавы аркылуу Кыргызстандын Көтөрмө айылына кайтып келе жаткан. Ошол учурда өзбекстандык бир топ адам чатак чыгарып, кыргызстандык 2 адамга жаракат келтиришкен. Аталган факты боюнча 2 тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушуп, иликтөө жүргүзүүнү макулдашты. Кыргызстандык 2 адамдын абалы канааттандырарлык.
Аталган чыр кошуна мамлекеттик аймагында болгондуктан ал чек арадагы чыр катары каралбайт», - деп айтылган маалыматта.

Баткендин Ак-Сай жайлоосундагы чырдан улам тажик тарап туткунга алган кыргыз аскерлери бошотулду. Абал тынч

20-июлда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кыргыз-тажик чек арасындагы жайлоосунда чыккан чатак учурунда тажик тарап туткунга алган кыргызстандык 2 аскер бошотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргеш Ниязкуловдун айтымында, чатак кечээ кечке маал чыккан. Ага жайыт маселеси себеп болгон. Анткени Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын жана токой чарбасынын карамагындагы жайыт жерлерге тажик жарандары мал алып чыгышат. Кыргызстандыктардын тиешелүү адистери жерине барып, тажик тарапка малдарын айдап кетүүнү эскертип кайтышкан. Жолдон тажик тарап кыргызстандык 2 аскерди туткундап алышкан. Бирок алар ошол эле күнү бошотулушкан.

«Жайытта алар көп жылдардан бери эле мал жайып келе жатышат. Алардын малдарынан биздин малга оорулар жугуп жатат. Алар малын дарылабайт. Кыргызстандыктардын малы дарыланып, кулагына бирка тагылган. Анан Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси, «Ак-Сай» чек ара бекетинин командири айдоочусу менен барып, аларга эскертүү берип, кайтып келе жаткан учурда 2 аскерди көптөп ур-токмокко алышкан. Ак-Сай айылынын элин район жетекчилери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү тынчтандырды. Азыр абал тынч.

Бул маселени чечүү үчүн Ак-Сай—Тамдык—Кишемиш унаа жолу курулса чек арадагы мындай маселелер чечилет эле. Элдин каттамы жакшы болот. Тажик тарап аралап өтпөй калат. Өзүбүздүн жол болот, чек арачылар да унаа менен каттап көзөмөлдөп турушмак», - деди ал.

Мамлекеттик чек ара кызматы эмне дейт?

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 20-июлда Кишемиш–Ак-Сай унаа жолунун Тажикстандын Ворух анклавы аркылуу өткөн тилкесинде тажик чек арачылары кыргызстандык 2 чек арачыны жана жөнөкөй 2 жаранды мыйзамсыз кармашкан. Алар кармоо учурунда өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, кыргыз чек арачыларынын бирөөсүнө жеңил жаракат келтиришкен. Ошол эле күнү Баткен облусу боюнча чек ара өкүлдөрү менен Тажикстандын Согдий облусунун чек арачылары жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүлдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кармалган кыргыз чек арачылары Кыргызстанга өткөрүлүп берилип, тажик тараптын өкүлдөрү кечирим сурашты.

Кадамжайдагы чек арадагы чырдан кийин кыргыз-өзбек айылдарынын тургундары жолугушту

21-июлда Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында жергиликтүү тургундар менен Өзбекстандын Фергана облусунун Фергана районуна караштуу Шахимардан айылынын жашоочулары жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жолугушуу иш-чарасына Кадамжай, Фергана райондорунун жетекчилери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эки айылдын аксакалдары, тургундары катышты. Жолугушуунун катышуучулары эки элди ынтымакка, достукту чыңдоого жана ар кандай чыр-чатактардын алдын алууга чакырышты.

Макулдашуу аткарылган эмес: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты (видео)

12-сентябрда Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик тургундардын ортосунда жаңжал чыкты.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Ак-Сай айылынан 50гө жакын, ал эми Тажикстан тараптан 60тан ашык адам чогулган. Чырга чек арадагы такталбаган жер себеп болгон. Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавындагы такталбаган жерден тажик тарап суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылган.

11-сентябрь күнү Ак-Сай айылынын башчысы менен Тажикстандын өкүлү жолугушкан. Анда Ак-Сай айылы такталбаган жер аркылуу элди селден сактоо, анын кесепеттерин жоюу максатында суунун нугун бурууга, ал эми тажик тарап дүкөн куруу жана төгүлгөн шагылдарды жайып алуу боюнча макулдашкан. Ак-Сайдын тургундары 12-сентябрда ишти баштап, бирок техникасы бузулуп калган. Ал эми тажикстандыктар убадалаган жумушту эмес, суу түтүгүн алып өтүп баштаган. Эки элдин ортосундагы пикир келишпестикти чек арачылар токтотууга аракет жасашкан.

Чек арадагы чырдан улам Баткендеги Ак-Сай—Тамдык жолунун курулушу, Тажикстандын суу тартып алуу иштери токтотулду (видео)

Баткен районунун Бакай айылы менен Тажикстандын Тожикон айылы чектешкен аймактагы такталбаган жерге скважина казууга аракет кылган тажик тарап эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин техникаларын алып кетип, жумуш токтотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда эки тараптын жергиликтүү бийликтери өз ара сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда кыргыз тарап аталган жердеги (тактала элек жер) сел аккан сайды тазалоого макулдук алса, тажик тарап аталган жерге дүкөн курууга жана үйүлүп турган шагылды жайып, тегиздеп алууга макулдук алган. Бирок 12-сентябрда тажик тарап такталбаган жерге курулуш курууга мүмкүн эмес деген келишимди бузуп, скважина казууга жана чек арага жакын жерге суу алып өтүү үчүн түтүктөрдү көмүүгө аракет кылышкан. Андыктан кыргыз тараптан нааразычылык жаралып, эки тараптан 100гө жакын адам чогулган.

Чатакты алдын алуу максатында Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода Лейлек районунун Арка айылында, андан кийин Ворух анклавында жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында мындай маселелер өкмөттөр аралык комииссия тарабынан чечиле тургандыгы айтылды. Ошондой эле тажик тараптын скважина куруу жана суу түтүктөрүн алып өтүү жумуштары токтолуп, техника жана каражаттарын алып чыгып кетишти. Ал эми тажикстандыктар кыргыз тараптын сел аккан сайды тазалоо иштерин жана Кыргызстандын Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушун токтотушун талап кылган. Учурда сел аккан сайды тазалоо жана Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушу токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×