Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 09.01.2019 13:17

Кызыл-Кыяда 32 жаштагы аял төрөттөн каза болду. Ымыркайдын абалы орто оор

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында 32 жаштагы аял төрөттөн каза болду. Ал 6-январь күнү саат 08:00дө төрөт бөлүмүнө жеткирилген.

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун маалыматы боюнча, маркум саат 11:12де салмагы 2 кг 400 грамм кыз төрөп, бирок көп өлчөмдө кан жоготуунун кесепетинен көз жумган. 1986-жылы туулган аял Ноокат районунун тургуну болгон. Анын жанында өздүгүн тактаган документи болгон эмес.

«Көчөдө толгоосу башталып, ага бейтааныш адамдар жардам берип, ооруканага алып келишкен. Ал каттоого турган эмес. Кийинчерээк анын өздүгү такталып, денеси туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми ымыркайдын абалы орто оор», - деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунун аймагында 2017-жылы төрөттөн 8 эне каза болсо, 2018-жылы 4 аял көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×