Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусу, Баткен 08.01.2019 19:02

Баткенде базарга ветеринардык документи жок келген бодо мал текшерилди (сүрөт)

Turmush -  Баткенде бодо малдын эпизоотикалык абалын текшерүү жана жаңы мыйзамдын ишке кирүүсү боюнча атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында рейд жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында жугуштуу оорулары бар мал катталган жок. Бирок базарга биркасы жок мал да келген. Бул боюнча адистер тарабынан мал ээлерине атайын эскертүү берилди. Буга чейин бодо малды кароодо административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс иштеп келген болсо, 2019-жылдан тарта жаңы мыйзам өз күчүнө кирип, ар бир айыл өкмөттөгү мал катоодон өтүшү керек. Алар сатыкка чыкканда атайын тастыктама кагазы болушу зарыл. Демек ар бир мал документи менен кошо жүрүшү керек.

Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Нармат Масеитовдун айтымында, бүгүнкү күндө эл арасында ветеринардык документи жок мал да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×