Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусу, Кадамжай 08.01.2019 15:00

Элет көйгөйү: Кадамжайдын Көтөрмө айылындагы электр маселеси элди кыйнап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында электр жарыгы жакшы болбой, эл трансформаторго муктаж. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, электр жарыгын күйгүзүү максатында эл ар кайсы жактан өздөрү электр зымдарын тартып алышкан. Бирок орнотулган мамылар талапка жооп бербейт.

«Биздин айылда 50гө жакын үй бар.Электр жарыгы эптеп эле күйүп турат. Зымдарды өзүбүз тартууга аргасыз болдук. Себеби буга чейин айыл өкмөт, райондук администрация жана электр тармактар ишканасына кайрылдык. Бирок эч кандай жыйынтык болбоду», - деди жашоочулар.

Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков бул маселени чечүү каралып жаткандыгын белгиледи.

«Эл бул маселе боюнча бизге 2018-жылдын ноябрь айында кайрылган. Өткөн жылдын башында райондук өнүктүрүү фондунан 267 миң 800 сом бөлүнүп, Кызыл-Булак айылына 1 трансформатор коюлган. Бул элди толугу менен электр энергиясы менен камсыздай албагандыктан дагы бир трансформатор коюу тууралуу долбоор даярдалып, каржылоо жагы каралууда», - деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×