Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Баткен облусуБаткен району 07.01.2019 11:27 Жаңыланды: 07.01.2019 18:02 На русском

Өзгөчө ысымдар: Баткендик Шарлотта Кунназарованын атын уккандар сөзсүз кайталап сурашат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Достук айылынын 17 жаштагы тургуну Шарлотта Кунназарованы атын уккандар сөзсүз кайталап сурашат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы университетте журналистика факултетинде 2-курста билим алууда.

«Бирөөлөр менен таанышканда атымды айтсам, таң калышып, кайра-кайра «чын атың Шарлотабы?» деп сурашат. Ал эми жигиттер менен телефон, социалдык тармактар аркылуу таанышып калсам, мени бою узун кыз деп элестетишет . Бирок менин боюм 160 см эле. Шарлотта деген ысым АКШдагы косметика ойлоп тапкан аялдын аты экен. Ал эми Достук айылындагылардын көпчүлүгү атымды татаал дешип Шарлотта дебей Шарапат дешет», - деди ал.

Шарлотта келечекте атактуу ырчы болгусу келип, Роза Шакирова, Кенже Дүйшеева жана Нияз Абдразаковтордон сабак алып жүргөн. Бирок ата-энеси каргы чыгышкандыктан, журналист кесибин тандаган. Учурда радиолордун биринде диджей болуп иштеп жатат. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчысы. Атасы Исраил Кунназаров кесиби боюнча мугалим, апасы Алима Кунназарова үй кожейкеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.19% (750)
«РСК Банк»
27.94% (394)
«Капитал Банк»
6.6% (93)
...
Всего голосов: 1410
×