Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 05.01.2019 10:56 На русском

Бала үчүн көз жумган апа, француздар багып алган бала: Баткендеги Акылбек Тагаевдин бир тууган иниси 11 жылдан кийин Франциядан табылды (видео)

Turmush -  Францияда чоңойгон 11 жаштагы Кирилл Николь Морштун таякелери жактан туугандары Ош облусунан табылды.

Маалым болгондой, Кирилл быйыл Россиянын «Жди меня» телеберүүсүнө туугандарын таап берүүнү суранып кайрылган. Аталган телеберүү аркылуу ал бир тууган агасы Акылбек Тагаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык кеңешинде жашай турганын билген. Бирок агасы Акылбек Тагаевдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугунан улам иниси менен жолугушуу үчүн Россияга бара алган эмес.

Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев анын документтери даярдалса иниси жолуктурууга аракеттер көрүлө тургандыгын билдирди.

«Биз Акылбекке документин даярдоого жардам беребиз. Документинин жоктугунан иниси менен жолугушууга бара албай калды. Биз аны интернет аркылуу гана байланыштыра алдык. Документтери бүткөндөн кийин иниси менен жолуктурууга аракет кылабыз», - деди мэр.

Акылбек Тагаевди атасынын эжеси багып чоңойткон. Ал бир тууган иниси бар экендигин буга чейин билген эмес.

«Мен апамды көргөн эмесмин. Сүрөттөрдөн гана көрүп жүрөм. Ал эми атамды көргөм. Атамдын да сүрөттөрдөн гана көрүп келем. Эжемдин 4 уул, 1 кызы менен чогуу чоңойдумАзыр М.Күреңкеев атындагы орто мектепте 9-класста окуп жатам. Иним бар экендигин укканда аябай толкундандым, кубандым. Буйруса чоңоюп үй салсам инимди өз үйүмө алып келип, Кыргызстан менен тааныштырам», - деди ал.

Ал эми Караван аймактык кеңешинин башчысы Нурмухаммед Кыпчаковдун айтымында, Акылбек токтоо, түз жүргөн бала.

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -

Кириллди 2007-жылы Франциядагы үй-бүлө асырап алган. Бала эс тартып калгандан баштап өзүнүн ата-энесин билгиси келчү. Ал жаңы жылдын астында багып алган апасы Катрин Коллет Бубьян экөө Россиянын «Жди меня» берүүсүнө кайрылышкан. Кирилл жазылган катта өзүнүн биологиялык апасы аны төрөгөндөн кийин 1 жумадан соң каза болуп калгандыгын, андыктан анын сүрөтүн көрүп, башка балдары менен таанышууну каалай тургандыгын билдирген. Бала мындан тышкары аны балдар үйүндө караган тарбиячысын табууну суранган. Телеберүүгө Кириллдин төрөгөн апасынын бир туугандары келди. Алар анын апасы Москвада жашап жүрүп көз жаргандыгын айтышты. Бирок кош бойлуу учурунда кургак учук жуктуруп алган. Кургак учуктан дарылануу курсактагы балага (Кириллге) терс таасир этерин билип, бала ден соолуктуу болуп төрөлүшү үчүн дарыларды ичүүдөн баш тарткан.

Кирилл аталган телеберүүдө балдар үйүндөгү тарбиячысы, апасынын бир туугандары жана өзүнүн бир тууган агасы Акылбек Тагаев менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×