Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуКадамжай району 03.01.2019 09:17

Кадамжайда селден сактоочу 2 дамба курулду

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районунда эки дамба курулуп, майрамдын алдында — 29-декабрда пайдаланууга берилди. Эми алар Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Токой жана Кызыл-Коргон айылдарында селдин агымын буруу үчүн кызмат көрсөтөт, деп маалымдайт ӨКМ.

Ачылышка ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, полковник О.Пазылов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев, Кадамжай районунун акими Ж.Исаков, Германия эл аралык уюмунун Баткен облусундагы өкүлү А.Шадыманов, Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы А.Төралиев жана башкалар катышты.

Токой айылындагы дамба 100 миң кубдан ашык селди кармайт. Анын узуну 104 метр болсо, бийиктиги 17 метр. Бул дамбаны куруунун натыйжасында 71 турак үй, 6,2 чакырым ички чарбалык жолдор, 9 чакырым ички арыктар, 36 электр мамычалары жана 48 га эгин талаалары селден корголду.

Ал эми Кызыл-Коргон айылындагы дамбанын бийиктиги 12 метр, узуну 60 метр болсо, кенендиги 24 метр. Ал 30 миң кубдан ашык селди кармайт.

Бул курулуштар 3 тараптуу келишимдин негизинде ишке ашты. ӨКМ тарабынан 2 тонна күйүүчү май, Германия эл аралык уюму тарабынан 30 тонна цемент, 24 метр d-400дүк темир түтүк, 5 тонна арматура, ал эми Ак-Турпак айылынан 2 даана авто-жүктөгүч, 7 самосвал жана жергиликтүү бийликтен 23 адамдан турган жумушчу күч тартылып, сел кармоочу дамба 27 күндө курулду. Азыр алар айыл өкмөттүн балансында.

Ак-Турпак айыл аймагында 2017-2018-жылдары 8 сел кырсыгы катталып, көптөгөн материалдык чыгымдарга алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×