Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 29.12.2018 15:44 На русском

«Жерлер Өзбекстанга өтүп кетти деп жатышат»: Баткендин Боз-Адыр айылында абал кандай?

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Адыр айылындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өттү.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушууга 250гө жакын жашоочу жана өкүлдүн биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов баш болгон тийиштүү жетекчилер катышты. Жолугушууда Өзбекстандын Сох району менен Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын чек арасын тактоо боюнча буга чейин жүргүзүлгөн иш аракеттер тууралуу жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда аймакта абал тынч, тынчсызданууга негиз жок.

Баткен облусунун аймагындагы чек ара маселелерин чечүү боюнча кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясы иштеп жатат. Бардык делимитация жана демаркация иштери боюнча Өкмөттөр аралык комиссия гана компетенттүү жооп бере алат. Чек араны аныктоо, тактоо иштери бул комиссияга жүктөлгөн.

Буга чейин 25-декабрда Боз-Адыр айылынын тургундары айыл өкмөттүн алдына чогулуп, облус башчысы Абиш Халмурзаевден чек ара, суу маселеси жана Теке-Секириктин жумуштарын (суу менен камсыздоо) аягына чыгарууну талап кылышкан болчу.

Алардын айтымында, «бир нече гектар жер Өзбекстанга өтүп кетиптир» деген сөздөр айтылып жатат.

«Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү жайыт жерлер Өзбекстанга өтүп кетиптир. Тоого үлкөн тергени чыкканда Өзбекстандын чек ара кызматы кууп чыккан. Жума намазда аксакалдар «40-50 миң гектар жер Өзбекстанга өтүп кетиптир» дешкенин угуп, бүгүн топтолдук. Кайсы жер, кандай болуп Өзбекстанга өтүп кеткени боюнча облус башчысы, мамкаттоо жооп берсин», - дешкен алар.

Эл менен Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайберди Козуев жолугуп, облус башчысы жана Баткен облустук мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы жумуштар менен башка жакта жүргөндүгүн айтып, келерки жумада эл менен жолугушарын билдиришкен.

Turmush басылмасы райондун акими Кеңеш Салихов менен байланышканда ал элдин талабы тиешелүү жетекчилер менен чогуу ортого коюлуп, чечилерин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×