Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусуБаткен району 27.12.2018 14:30

Лейлектин Кулунду айылындагы классташтар жалгыз бой энеге 245 миң сомго үй салып беришти (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну Айгүл Ысманова айылдаштары салып берген 3 бөлмөлүү үйгө кирүү алдында турат.

Маалым болгондой, ал 4 жылдан бери 3 баласы менен бул эскилиги жеткен үйдө күн кечирип келе жатат. Кышкысын суук тарткан имарат дагы ага ижарага берилген. Жолдошунун көзү өтүп кеткен. Өзү жумушсуз үйдө олтурат. Ал эми 1 кыз, 2 уулу мектепте окушат. Андыктан аларга жардам катары айылдагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 3 бөлмөлүү үй салып беришкен. Эми жаңы үйгө көчүп кирүү алдында турат.

«Канча жыл үйүбүз жок жүрдүк. Балдарымдын атасы өтүп кетти. Мына 20 жылдыктар үй салып беришти. Аларга ыраазчылык билдирем. Рахмат аларга, Аллах аларга ыраазы болсун», - деди Айгүл Ысманова.

Үйдү салдырып береген классташтардын бири Турдали Кошбаковдун айтымында, курулушка 245 миң сом сарпталган.

«Бул үй 1981-жылкы балдар тарабынан курулду. Быйыл 20 жылдык болгондугузга байланыштуу ортодо чогулган акча башка жака жумшалбасын дедик. Айылыбызда ушул эже жакыр экен, ага үй куруп берели дедик. Ар бир бала 5 миң сомдон чогулттук. Жалпы 245 миң сом жумшалды. Анын усталарын да өзүбүз жалдаганбыз», - деди ал.

Кулунду айыл аймагынын башчысынын орун басары Жамалидин Абдураимовдун айтымында, айыл аймакта аз камсыз болгон 52 үй-бүлө бар. Алар үчүн жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сомго чейин акча каралып, оорулууларга да жакындан жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле социалдык жактан жардам көрсөтүлүп, кышкы көмүр менен камсыздап турушат.

«Кайрымдуулук менен буга чейин Интернационал айылында да үй курулган. Мындай жаштардын жардамы менен чакан үйлөрдү курууда да айыл өкмөтү ар тараптуу жардам беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×