Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Баткен облусуЛейлек району 27.12.2018 12:50 Жаңыланды: 27.12.2018 18:40 На русском

Лейлекте 20 күнөскана, жаңы көпүрө курулуп, оңдолгон ФАП элге кызмат кылууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунда экологиялык таза жемиштер өскөн 20 чакан күнөскана, 50 метрлик көпүрө курулуп, 1 ФАП элге кызмат кыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Ош айылдык кеңеш берүү» коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Фонд Европа биримдиги тарабынан каржыланып, «Лейлек районунун социалдык-экономикалык өнүгүсүү үчүн жергиликтүү башкаруу органдарын жана коомдук бирикмелерин чыңдоо» долбоорунун алкагында аталган райондо элдин социалдык-экономикалык турмушун чыңдоонун үстүндө бир катар иштерди жасашкан.

Долбоордун менеджери Сапарбек Токтосуновдун билдиргенине караганда, элдин жашоо турмушун жакшыртуу, жер-жерлерде фермердик тажрыйбаны жайылтуу, органикалык, экологиялык жактан таза жемиштерди өстүрүү үчүн сапаттуу күнөсканаларды курууну жолго салуу багытында Лейлек районунда натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.

«Биздин фонд Европа биримдиги тарабынан каржыланат. Фонддун долбоорунун максаты — региондордогу дыйкандарды, айыл өкмөт мүчөлөрүн окутуу, жер-жерлерде элдин жашоосун жеңилдете турган имараттарды куруу. Бул жаатта фермерлерди окутуп, түрдүү ыкмаларды үйрөтүүнү да максат кылабыз. Мындан сырткары долбоордун жүрүшүндө балык багылуучу көлдөрдү уюштурууну карап жатабыз. Бул багытта Өзгөн районундагы балык чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте иштеп, алардын ыкмасын башка тургундарга жайылтуунун үстүндө иштейбиз. Мындан сырткары элге 1 гектар аянтка органикалык бак тигип берүүнү пландап жатабыз.

Эмне үчүн долбоорго Лейлек району тандалганын айтып өтөйүн. Анткени Лейлек башка райондорго салыштырмалуу таштуу тоолор менен курчалып, шарты катаал болуп эсептелет. Биз жыл башынан бери Лейлек районунда жалпы суммасы 20 млн сомдук жумуш жасадык», - деди Токтосунов.

Долбоордун I компонентинин координатору Шербай Алыбаев элдин ден соолугун чыңдоо багытында да алгылыктуу иштер аткарылгандыгын айтты.

«Жогоруда айтылгандай, биз фермерлерди окутабыз. Элдин ден соолугун чыңдоо максатында эски ФАПты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, пайдаланууга бердик», - деди Алыбаев.

Ал эми долбоордун III компонентинин координатору Абдурахман Киргизбаев Лейлек районунун аймагы таштуу тоолор менен курчалгандыктан сел кооптуу болорун белгиледи.

«Таштуу тоолор болгондуктан сел жолдорду бузуп коёт экен. Аталган райондогу Кара-Суу айылынын ортосунан сел агып өттү. Ошол айылга 50 метр узундуктагы көпүрө курдук. Бул да болсо элдин карым-катнашын жакшыртууга өбөлгө болду. Ошондой эле үй-бүлөлүк пайданы көбөйтүү максатында 20 кичи күнөскана курдук. Аны азыркы учурда 20 үй-бүлө иштетип жатат. Күнөсканалар заман талабына жооп берет. Күнөскананын катарында эле тооккана, койканалар курулду. Буларды куруу менен биз айлануу процессин жарата алдык. Анткени тооктор жана койлор тоют, жем маселеси менен камсыз болсо, алардан кыгын кайра эле күнөсканага жер семиртүү багытында колдонсо болот. Мындай жумуштарды жасоо менен элдин жашоо турмушу кыйла жеңилдетилди. Күнөсканаларда жылына 3-4 жолу түшүм алууга болот. Анан калса анын жылуулугу менен үй канаттуулары кышкысын да жумурткалайт. Койлор да жакшы төл берет», - деди Киргизбаев.

Долбоордун фермердик чарбаны өнүктүрүү боюнча эксперти Эрмахамат Танаев күнөсканалардын сапатына токтолду.

«Биз президенттин Аймактарды өнүктүрүү жылы деп айтканына шайкеш иш жасадык деп ойлойбуз. Анткени биздин жасаган ишибиз жылдын аталышы менен толук шайкеш келет. Ошондой эле аталган районго таза суу тартуу, күнөскана куруу багыттары ишке ашып жатат. Алды ишке ашып калды. Мындан сырткары тамчылатып сугаруу багытында да иштер аткарылды. Биз курган күнөсканалардын башкалардан айырмасы күнөсканалардын үстү поликарбонаттык материалдар менен жабылгандыгында. Ошондой эле күнөсканалар 10 жылдык кепилдиги менен курулган», - деди Танаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
49.04% (821)
«РСК Банк»
31.3% (524)
«Капитал Банк»
5.56% (93)
...
Всего голосов: 1674
×