Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусуКадамжай району 27.12.2018 16:46

Кадамжай шаары Бакыт Бегалиевдин жетекчилигинде ар тараптуу өнүгүү жолунда (фоторепортаж)

Turmush -  Кадамжай шаарында 2018-жылдын ичинде бир катар иштер аткарылып, шаардын инфраструктурасы жакшырды. Мэр Бакыт Бегалиевдин жетекчилиги менен шаардык мэрия жашоочуларга жакшы шарт түзүп берүү үчүн тынымсыз эмгектенүүнү улантат.

Мэр алгылыктуу иштер, жыйынтык тууралуу айтып жатып жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Бакыт Бегалиев

«Урматтуу кыргызстандыктар, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жылда алдыга койгон максат, тилектер орундалып, үй-бүлө, жакындарыңыздар менен бирге болуңуздар. Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү Кадамжай шаарыбызга да жакшы жышаанын тийгизип, токчулукту, молчулукту алып келсин. Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ак кардай тазалыктын, ынтымактын жылы болсун!», - деп айтылат куттуктоодо.

Кадамжай шаарынын мэри Бегалиев Бакыт Турдалиевич 1971-жылы Кадамжай районунда төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ушул убакка чейин Кадамжай шаардык кеңешинин төрагасы кызматын аткарып келген. Акыркы 1,5 жылдан бери Кадамжай шаарынын мэри болуп эмгектенип жатат. Ал Кадамжай шаарынын өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылган.

Кадамжай шаары 1938-жылы сурма комбинаттын алкагында металлургдар кыштагы болуп негизделип, 1948-жылы 10-декабрда Фрунзе жумушчулар кыштагы болуп өзгөртүлгөн. Союз ыдырагандан кийин кайрадан Кадамжай кыштагы болуп түзүлүп, 2012-жыдын 27-сентябрында Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Пүлгөн, Чалташ, Ташкыя айылдарын Кадамжай кыштагына бириктирүү менен райондук маанидеги шаар түзүлгөн.

Шаар аймагында чечилбей келе жаткан маселелер өз убагында чечилип, шаар тургундары үчүн бир катар жеңилдиктер түзүлүп жатат. Төмөндө ар бир тармактагы жетишкендиктер тууралуу айтылат.

Спорт тармагы

Б.Айтматов гимназия-мектебине заманбап спорт аянтчасы курулуп, ошондой эле жаштарды өнүктүрүү жана колдоо программасынын негизинде Кадамжай шаарынын Жийделик участкасына заманбап спорт аянтчасы курулду. Андан сырткары Кадамжай шаарындагы бала бакчаларга жаңы заманбап мештер алынып, жаш балдар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

А.Жалилов көчөсүндөгү №4 бала бакчада жаш балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында кароолкана курулган. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында жыл сайын спорттук мелдештер уюштурулуп, мэрия тарабынан каржыланып турат.

Таза суу маселеси

Кадамжай шаарынын аймагындагы Таш-Арык ички каналы тазаланып, эскилиги жеткен арыктар кайрадан оңдолду. Чалташ айылына таза суу чыгаруу үчүн программа иштелип чыгып, 1,5 км аралыкка суу түтүкчөлөрү тартылды.

Сел коопсуздугун алдын алуу

Кадамжай шаарынын аймагындагы турак жайларга жыл сайын каптаган сел суусу зыян келтирип турган. Мындан улам селдин кесепетин алдын алуу максатында бетондолгон тосмо дубалдар, сел алуучу каналдар курулуп, толугу менен бүткөрүлдү.
Мындан сырткары Кадамжай шаарынын аймагындагы жыл сайын селдин кесепетинен авариялык абалга учураган көпүрөлөр оңдолуп, оңдоо иштери толугу менен аткарылды.

Ошондой эле шаар ичиндеги ички жолдорду кеңейтүү иштери жүрүп, Кадамжай шаарынын аймагындагы Больничная, Звездная, Эрмек Бий, Орозбеков көчөлөрү кеңейтилип, тротуар жана жаңы заманбап тосмо дубалдар орнотулду. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жерине жөө адамдар үчүн темир тосмолор орнотулду.

Ошондой эле Кадамжай шаарынын аймагындагы Чал-Таш, Жийделик, Чыгыш мүрзөлөрү толугу менен темир тосмолор менен тосулду.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кадамжай шаардык мэриясынын 2018-жылдагы планы боюнча 51,4 млн сом каралган.

1. Муниципалдык менчикти башкаруу, социалдык объекттердин курулушу: - Шаар аймагындагы Дары-Булак көчөсүндө заманбап кичи футболдук аянтчаны куруу үчүн 1500 чарчы метр жер аянты муниципалдык менчикке катталды;

- А.Жалилов көчөсүндөгү Ибн Сина борбордук дарыкана муниципалдык менчикке өттү. Ошондой эле Мясокомбинат көчөсүндөгү курулушу бүтпөй калган оорукананын имаратынын 1,84 га аянты муниципалдык менчикке өттү;

- Жийделик аймагына да элдин талабына ылайык орто мектептин курулушуна долбоор даярдалып, 2018-2022-жылдардагы региондорду өнүктүрүү консепциясына сунушталды;

- Жалпысынан 2017-2018-жылдар аралыгында 26 объект муниципалдык менчикке кабыл алынган.

2017-2018-жылы жалпысынан жергиликтүү, инвестиция жана республикалык бюджеттин эсебинен төмөнкү курулуштар жүргүзүлгөн:

1. Сметалык баасы 95 млн сом болуп, бардык шарты түзүлгөн 45 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу;

- Кадамжай лицейинин жатаканасынын курулушу (жалпы сметалык баасы инвестициянын эсебинен 16,8 млн сом)

- түрткү берүүчү гранттын эсебинен А.Масалиев атындагы орто мектебинде спорт аянтчасы курулду;

- түрткү берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен азыркы учурда Жийделик участкасында спорт аянтча жана Б.Айтматов орто мектебинде заманбап спорт аянтчанын курулушу жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мэриянын имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

2. Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу: - Жергиликтүү бюджет Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясында каралып, 2018-жылдагы бюджет 51402,9 миң сом өлчөмүндө бекитилген.

3. Калкты таза суу менен камсыз кылуу: - Таш-Кыя айылына таза суу тартуу боюнча “Гуд Нейборс Интернешнл” гранттык программасына формага ылайык долбоор сунушталып, колдоого алынган. Ал ишке ашуу алдында турат;

- Кадамжай шаарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо максатында Орозбеков айыл аймагынын макулдугу менен кошумча суу түтүкчөсүн тартуу жумуштарына долбоор даярдалып жатат;

- Шаардын канализациясын алмаштырууга COICA грантына сунуш берилди;

- Пүлгөн, Чалташ, Таш-Кыя айылдарын таза суу менен камсыздоо багытында 101,7 млн сомдук долбоор даярдалып, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына сунушталды;

- Эскилиги жеткен түтүктөрдү алмаштыруу жумуштарына жылына жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 2017-жылы 800 м аралыктагы суу жана канализация түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары жүргүзүлгөн;

4. Калктуу конуштарды канализация жана тазалоочу курулмалар тутуму менен камсыздоо: Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына (ЕБРР) шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн кошумча суу түтүкчөлөрүн тартуу жана канализацияларды калыбына келтирүү, реабилитациялоо иштерин жүргүзүү максатындагы план сунушталып, долбоор даярдалып жатат;

5. Муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу жана көпүрөөлөрдү оңдоо:

- 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен шаардын 3 км аралыгын асфальттоо жумуштарына 15,7 млн сом акча каражаты бөлүнүп, аны сарамжалдуу пайдалануу менен 3,3 км аралык асфальтталды;

- шаар аймагындагы айылдардын ичиндеги жолдорду оңдоого жалпысынан 2018-жылы 700 000 сом акча каражаты жумшалып, жолдор оңдолуп, шагыл төшөлдү;

- ал эми 2017-жылы жалпысынан 6 км ички жолдор оңдолуп, 460 миң сом сарпталган;

- шаар аймагындагы бузулган ички жолдор калыбына келтирилип, Жаңы-Жер участкасында ички чарбалык жолду асфальттоо иштери пландаштырылга;

- Селдин кесепетинен Таш-Кыя айылына өтүүчү «Автобаза» көпүрөсү бузулуп, кайра ӨКМ тарабынан калыбына келтирилген. Жээктерин бекемдөө иштери да жүргүзүлүп жатат. Долбоордун бюджети 3 039 000 сомду түзөт.

6. Коомдук жайларды жарыктандыруу:

- Шаарга түнкүсүн жарык берүүчү жабдыктарды үнөмдүүсүнө алмаштыруу иштерине смета даярдалып, 2018-жылдын 2-кварталында аяктоо пландаштырылган. Буга чейин шаарды жарыктандырууга 800 миң сом сарпталып келсе, эми орто эсеп менен 200-250 миң сом үнөмдөлөт.

7. Шаар аймагындагы көрүстөндөрдүн айланасын тосуу иштерине жалпысынан 1 222 000 сом акча каражаты каралып, 860 миң сомго тиешелүү материалдар сатылып алынган.

8. Жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү: 2018-жылдагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу акциясынын алкагында шаарда ишембиликтер өткөрүлүп, тургундар, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери биргеликте бир катар жумуштарды аткарышты:

- Шаарды көрктөндүрүү максатында 166 түп арча жана 4000 түп гүлдөр эгилип, жалпысынан 300 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен жумшалды;

- Каражантак участкасында жүзүм, кайналы, карлик алмасы, жана башка көчөттөр отургузулуп, скважина казылып, тамчылатып сугаруу боюнча монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

9. Парктардын, спорттук аятчалардын жана эс алуу жайларын жакшыртуу:

- К.Ысманов көчөсүндөгү аллеяны көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат;

- дем берүүчү грант боюнча Б.Айтматов атындагы гимназия-мектебине заманбап спорттук аянтча курулат. Долбоордун бюджети 5 867 552 сомду түзөт;

- дем берүүчү гранттын эсебинен Жийделик аймагына заманбап кичи футболдук аянтча курууга жалпысынан 3 625 000 сом акча каражаты сарпталат.

10. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн сомго атайын таштанды ташуучу автоунаа сатылып алынып, азыркы учурда евроконтейнерлерди сатып алууга сынак жарыяланган. Ошондой эле АРИС программасы боюнча жүк жүктөөчү унаа сатылып алынды.

11. Шаар аймагындагы Жийделик—Жаңы-Жер—Түндүк участкаларына маршруттук каттамды ачуу иштери каралган.

12. Кадамжай шаарындагы аталар эстелиги аянтчасын оңдоого тоо-кен иштетүү компаниясы аркылуу 636 000 сом бөлүндү. Ошондой эле Кадамжай жаштар коому тарабынан Азирет-Али сыйынуучу жайын актоо жана сырдоо иштери жүргүзүлдү.

13. Шаар аймагындагы китепкананын шарттарын жакшыртуу максатында электрондук китепкана түзүлүүдө.

14. Каражантак участкасынан жергиликтүү тургундарга турак жай салууга жер участкаларын бөлүп берүү максатында 50 га жер аянты трансформацияга даярдалууда;

-Өкмөттүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтомунун негизинде шаардын башкы планын түзүүгө 6 314 000 сомдук болжолдуу сметасы иштелип чыкты.

15. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана административдик имараттарга, көрүнүктүү аймактарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттары орнотулуп, жаңыланды. Ошондой эле шаар аймагына муниципалдык жарнак калкандары орнотулган.

16. Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү:

- 2017-жылы Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында коомдук алдын алуу борбору түзүлгөн. Эл аралык толеранттуулук фондунан 715 000 сом каралып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 490 000 акча каражаты бөлүнгөн болчу. Жыйынтыгында бөлмөлөр оңдолуп, эмеректер менен жабдылган.

17. Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүчү шарттарды түзүү: Шаар күнүнө карата кароо-сынак өтүп, жергиликтүү элден чыккан мыкты таланттар тандалып, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле бала бакчаларда, мектептерде майрамдык көргөзмө жана балдардын тарбиясы боюнча иш-чаралар өтүп турат.

18. Жашоочулардын арасында (карыялар, жаштар, аялдар) маданий жана тарбиялык иш-чараларды уюштуруу, жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо иштери уюштурулат.

19. Шаардагы аксакалдар, аялдар жана жаштардан түзүлгөн курам менен ар бир айылда жаштар арасында ажырашууларды азайтуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Шаардын аймагындагы мектептерде суицид, таксикомания жана рэкетчиликке каршы окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

20. Массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу: Шаар күнүнө карата мекеме-ишканалардын ортосунда жана жергиликтүү тургундар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.

21. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү:

2017-жылы селдин кесепетинен жабыркаган социалдык объектилер калыбына келтирилди. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 600 000 сом акча каражаты каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү планынын негизинде Звездная көчөсүндөгү турак жайларды селден калкалоо максатында сел тосуучу эки дамба курулуп, 800 миң сом акча каражаты сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×