Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусуКадамжай району 22.12.2018 15:52

Кыргызстандан 20 смартфонду мыйзамсыз алып бараткан адам чек арадан кармалды

Turmush -  «Кадамжай - унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунан чек арачылар менен Мамлекеттик бажы кызматынын инспекторлору Өзбекстандын жаранын кармашты. Ал «Самсунг» үлгүсүндөгү 20 даана смартфонду чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кармалган адам — 1988-жылы туулган Й.Ш. (эркек киши) Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан. Ал телефондорду коробка менен таңгакталган баштыкка салып алган. Бирок тиешелүү документтери болгон эмес.

Контрабандалык товардын баасы 198 миң сом деп эсептелди. Тактоо, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн бул фактыга байланыштуу материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын аймактагы бөлүмүнө берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×