Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Баткен облусуЛейлек району 22.12.2018 13:24

Тажикстандан 1 млн сомдук мандаринди мыйзамсыз жүктөп келе жатышкан

Turmush -  Тажикстандан Кыргызстанга 1 млн сомдон ашык товарды мыйзамсыз жүктөп келе жаткан адамдар кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, алар 21-декабрда Баткендин Лейлек районунун аймагынан чек арачылар менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Контрабандалык жол менен ташылып келе жаткан мандариндин баасы 1,1 млн деп эсептелип, шектүүлөр Кыргызстандын жарандары болуп чыгышты. Алар чек ара пунктунан тышкаркы аймактан өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Текшерүү учурунда уруксат берүүчү документтерин көрсөтүшкөн эмес.

Кармалган жарандар жана алардын жүгү тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө чара көрүү үчүн берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×