Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Баткен 21.12.2018 11:41

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан пайдалануу фактылары аныкталды

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү-издөө иштеринин алкагында Мамэкотехинспекциясынын Баткен облустук аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Баткен районунда үч орто мектепти курууда жана Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясынын куруу иштерин көлөмүнүн баасы жогорулатылган.

Аталган факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыковдун кылмышты жасагандыгы боюнча далил бар экендигин ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Утемисов менен Башкы прокуратуранын ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү көзөөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчиси Замир Бейшекеев билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×