Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 21.12.2018 09:25 На русском

Лейлекте Россиянын жараны апасына болушуп аялын сабап салып, айыпка жыгылды

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында апасына орой сүйлөп койду деп аялын сабаган адам айыпка жыгылды.

Аталган иштин фигуранты Лейлектин 1978-жылы туулган тургуну, 2 баланын атасы, Россиянын жараны А.Мирбек (аты өзгөртүлдү) болгон. Тергөө органдары ага 112-берененин 1-бөлүмү (ден соолукка атайлап жеңил зыян келтирүү) боюнча айып таккан.

Окуя 2018-жылдын 9-октябрында саат 21:00 чамасында болгон. 1981-жылы туулган аялы Т.Гулзина (аты өзгөртүлдү) анын апасына кыйкырган. Мирбек угуп калып, аялын башка, курсакка чаап, андан кийин бир нече жолу буту менен тепкен. Мирбек сотто күнөөсүн мойнуна алып, жеңилирээк жаза берүүнү суранды.

Мирбектин кайын энеси А.Турдукандын (аты өзгөртүлдү) айтымында, ага саат 22:00 чамасында кызы Гулзина чалып, күйөөсү сабап койгондугун айткан. Турдукан алардын үйүнө келгенде 2 небереси чуркап чыгып, атасы апасын сабап койгондугун айта башташкан. Ал кызы менен неберелерин алып кетип калган. Ошол түнү Турдукандын иниси өз оорусунан улам көз жумуп, ал ошол жакка кеткен. Үйдөн Гулзина эсин жоготкондон кийин Турдукандын келини аны ооруканага жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Гулзина ооруканага кийинки жолу 17-октябрда барган. Анда ага стационардык дарылануу дайындашкан. Андан кийин Гулзина 2 баласын алып, Россияга иштегени кеткен. Турдукан сотто Мирбекке мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Күбө катары Гулзинанын бир тууган иниси сөз сүйлөдү. Ал атасы күйөө баласы менен кызынын дагы бир чатагы жөнүндө айткандан кийин эжеси менен жээндерин алып кеткендигин айтты. Кошуналары окуя жөнүндө Турдукан келгенден кийин угушкан. Гулзина бир нече күндөн кийин күйөөсүнүн үйүнө келип, өзүнүн кийимдерин алып кеткен.

Сот 12-декабрда иштин материалдарын карап чыгып, Мирбекти 112-берененин 1-бөлүмү (ден соолукка атайлап жеңил зыян келтирүү) боюнча айыптуу деп таап, 4 миң сом айып салды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×