Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 20.12.2018 16:34 Жаңыланды: 20.12.2018 17:40 На русском

Окуучулар талаага «разборкага» барып: Кызыл-Кыяда көкүрөгүнө сокку урулган 9-класстагы бала өзүнө келбей каза болду (толукталды)

Turmush -  Кечээ, 19-декабрда Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класста окуган бала мерт болду. Бул тууралуу маалыматты милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя сабактан кийинки убакта болгон. Кызыл-Кыя шаарындагы №9 мектептин 10-9-класстарынын окуучуларынын ортосунда келишпестик болуп, мектептен сыркары барып мушташкан. Анын кесепетинен 9-класстын окуучусу каза болгон. Учурда Кызыл-Кыя ШИИБ окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Медициналык экспертизалар дайындалды.

Ал эми Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19-декабрда саат 14:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканадан жашы жете элек өспүрүмдүн жансыз денеси алынып келингендигин жөнүндө маалымат түшкөн. Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып кароо жүргүзүлүп, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

19-декабрда саат 14:00 чамасында Кызыл-Кыядагы У.Гулматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу, 2003-жылы туулган И.Б. 4-5 классташы болуп, ошол эле орто мектептин 9-классынын окуучуларын мектептин арт тарабында жайгашкан Кам-Көл аталышындагы ээн талаага өз ара чечишүүгө (разборка) чакырышкан. Ал жакка 9-класстын 15ке жакын окуучусу барган. Алар андан кийин 9-классынын дагы бир окуучусу, 2003-жылы туулган Э.М.ди 5-6 классташы менен бирге чакырышкан. Чакырылгандар талаага баргандан кийин Э.М.ди 10-класстын окуучусу И.Б. муштум менен көкүрөк тарабына 2-3 жолу урган. Андан кийин 10-класстын дагы бир окуучу А.А. дагы аны бир жолу көкүрүккө урган. Сокку жеген Э.М. жерге кулаган бойдон өзүнө келбей койгон. Ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканадан Э.М. каза болуп калгандыгы аныкталган.

Бул жагдай боюнча керектүү материалдар чогултулуп, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду. Маркум окуучу Э.М.дин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектелип 3 окуучу кармалып, убактылуу камакка алынды.

Ал эми мэриянын маалыматына караганда, 10-класстын 4 окуучусу 9-класстын окуучулары менен мушташкан. 10-класстын 3 окуучу 9-класстын окуучусуна сокку берип, ал эсин жоготкон. Анын классташтары жолдо кетип бара жаткан унааны токтотуп, эсин жоготкон баланы айылдык медпунктка алып келишкен. Аны ал жактан шаардык ооруканага жөнөтүшкөн. Бирок ооруканадан анын каза болуп калгандыгы такталган. Баланын денеси медициналык экспертиза дайындалды, азырынча жыйынтык чыга элек.

Мектеп директорунун айтымында, мектептин мугалимдери ноябрь айында окуучулар, ата-энелер арасында рэкетчиликти жоюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. 8-класстан 11-класска чейинки окуучулардын ар бири мыйзам бузууларга катышпай тургандыгын убадалаган түшүнүк кат жазып беришкен. 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында жашыруун сурамжылоо (анкета толтуруу) уюштурулган. Балдар аларга мектепте эч ким тийишпей тургандыгын билдиришкен. Бирок ага карабай окуучулар мушташ чыгарышкан.

Жогорудагы факты боюнча 10-класстын 3 окуучу камакка алынды. Бул окуядан кийин шаар мэринин жетекчилиги менен мектеп директорлорунун жыйыны өттү. Аларга окуучунун өлүмүнүн себебин дыкаат иликтеп чыгуу, окуучулара арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×