Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуЛейлек району 19.12.2018 14:12

Лейлектин Коргон айылындагы сууга 800 миң сомго көпүрө салынды (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Коргон айылындагы сууга жөө адамдар өтүүчү көпүрө салынды. Бул тууралуу Лейлек айыл аймагынын башчысы Таалайбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, узундугу 60 метрди түзгөн көпүрөнүн сметалык баасы 800 миң сомду түзөт. Буга чейин эл мектепке, ФАПка жана туугандарына эптеп курулган көпүрө аркылуу каттап турушкан. Ал жаз мезгилинде сел келген учурда кооптуу болчу. Сел жууп кеткен учурларда Коргон айылы аркы жээк, берки жээк болуп бөлүнүп, бири-бирине өтө албай калчу.

«Бул көпүрө Коргон айылын тең ортосунан эки жака бөлүп аккан сайдын үстүнө курулду. Айылдын жарымы сайдын бир бетинде, жарымы наркы бетинде калган. Балдар мектепке, жашоочулар той-маарекелерге, базарларга же башка айылдарга барганда кышында тайгаланып, сел келген учурларда каттам токтоп калып кыйналчубуз. Эми бизге кооптуулугу жок көпүрө куруп жакшы кылышты. Эми эл коркпой өтө алат», - деди Таштемиров.

Көпүрөнүн курулушуна бейөкмөт уюм жана айыл өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×