Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуЛейлек району 18.12.2018 15:49

Лейлектин Ак-Терек айылындагы ФАП 1,2 млн сомго оңдолду

Turmush -  Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы ФАП оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Таалайбек Кадыров билдирди.

Анын айтымында, ФАПты оңдоого 1 млн 200 сом сарпталган. Анын имараты эскирип, жараксыз болуп калган.

«Айылдын калкынын саны 1700 адамды түзөт. Айыл элинин ФАПка болгон муктаждыгы жогору болгондуктан аны оңдодук. Ал эми элге кызмат көрсөтүп баштады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×