Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусу, Баткен 18.12.2018 15:03

Баткендеги жол тескөөчүлөр уурдалган унааны табышты

Turmush -  Баткен шаарында уурдалган унаа Баткен районунун Кара-Бак айылынан табылды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 15-декабрь күнү «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын ээси шаардагы дүкөндөрдүн бирине кирип кеткенде болгон. Айдоочу унаанын ичине ачкычын калтырып койгон. Анын арызынын негизинде жол коопсуздугун камсыздоочулар жер-жерлерге блок постторду коюп, издөө иштерин жүргүзгөн.

Аталган унаа ошол эле түнү Кара-Бак айылынан табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×