Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 17.12.2018 16:07

Лейлектин Суу-Башы айылында 2 млн сомго көпүрө курулду

Turmush -  Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын Суу-Башы айылында жаңы көпүрө курулду. Буга чейин эски көпүрөнү сел алып кеткенин айыл өкмөттүн башчысы Алимбек Халмуратов билдирди.

Анын айтымында, Сумбула суусунун жээгиндеги көпүрөнү сел алып, окуучулар мектепке, ал эми жашоочулар ФАПка каттай албай калышкан.

2

«Окуучуларды ата-энелери суудан көтөрүп өткөрүшчү. Эл көпүрөнү оңдоп алганы менен кайра эле сел алып кетчү. Анын ордуна курулган жаңы көпүрөнүн узундугу 48 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт. Бул иш ӨКМ тарабынан ишке ашырылды. Көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 2 млн сомду түздү, каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Көпүрө курулуп, элдин көйгөйү чечилди», - деди ал.

Суу-Башы айылында 100 кожолук жашайт.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×