Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуЛейлек району 17.12.2018 10:26

Лейлектин Жескен айылында ФАП ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 16-декабрь күнү Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын Жескен айылында жаңы ФАП ачылып, колдонууга берилди. Ачылыш аземге район акими баштаган тиешелүү жетекчилер катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Халмуратовдун айтымында, ФАПтын жалпы сметалык баасы 2 млн 455 миң сомду түздү. Республикалык бюджеттен 1 млн 919 миң сом бөлүнсө, калганы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

«Буга чейин айылдын жашоочулары дарыгерге кайрылуу үчүн 4 чакырым жол басып, Ак-Суу айылына каттап келишкен. Эми 52 кожолукка кызмат көрсөткөн ФАПта фельдшер иштеп баштайт. Жумасына бир жолу акушер-гинеколог келип турат. Ал эми жаңы жылдан баштап штат ачылат», - дейт ал.

Буга чейин ФАПтын имараты жеке менчик турак жай болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×