Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуЛейлек району 16.12.2018 11:35 На русском

Улукбек Жээмуратов Лейлек райондук билим берүү бөлүмүн жетектейт

Turmush -  Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Улукбек Жээмуратов дайындалды. Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Бул кызматка 2 талапкер ат салышып, КРнын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык ачык сынак өткөн.

Улукбек Жээмуратов билим берүү тармагында 15 жыл жетекчилик тажрыйбасына ээ. Акыркы жылдары Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келе жаткан. Ал КРнын билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×