Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусу, Исфана 14.12.2018 13:11 На русском

Исфанада мигранттардын балдары үчүн бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарында мигрант болуп жүргөн жашоочулардын балдары үчүн бала акча ачылды. Бул тууралуу «Лейлек» коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишова билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагында жумушсуздуктун айынан жаш үй-бүлөлөр Россия Федерациясында иштеп жүрүшөт.

«Алардын балдары чоң ата, чоң апасынын же башка жакын туугандарынын колунда калып, жетиштүү тарбия албай жатышат. Эми мигранттардын балдарына татыктуу шартта билим жана тарбия алууга шарт түзүлдү. Бала бакчада 6 айдан 7 жашка чейинки балдар тарбияланып жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×