Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 12.12.2018 09:22

Кадамжайдын Калача айылында ФАПтын жаңы имараты ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Калача айылында ФАПтын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эми ФАП айыл өкмөттүн 3 айылындагы 10 миңден ашык жашоочуну тейлеп, биринчи тез жардам көрсөтүлүп баштайт. ФАПтын эски имараты жер төлөдө жайгашып, талаптарга жооп берген эмес.

«Биз буга чейин алыс жакка каттачубуз. Азыркыдай шарт жок эле. ФАПтын ачылышына баарыбыз кубандык, дарыгерлердин кабыл алуусу да жакшы», - деди Калача айылынын тургуну Файзидин Мамазаипов.

Ал эми Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мастура Якубова билдиргендей, ФАПтын жаңы имаратынын курулушуна кайрымдуулук фонд 3 млн сом бөлсө, жергиликтүү калк 350 миң сом кошкон. Бардык шарттары бар имараттын курулушу ушул жылы башталып, эки ай аралыгында бүткөрүлгөн. Ал пайдаланууга берилгенден кийин 12 жумуш оруну түзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×