Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баткен облусуБаткен району 11.12.2018 14:00

Баткендин Кара-Бак айылындагы мөмө-жемиш кургатуучу цех 500 тоннадай продукция экспорттоду (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы мөмө-жемиштерди жууп, тазалап, кургатуучу цехте суткасына 3 тоннага чейин жемиш даярдалып жатат. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери 500 тоннадай продукция экспортко кетти. Ошондой эле онго жакын жаңы жумушчу орундары түзүлдү. Алардын катарында аталган айылдын тургуну Сайдагүл Ажыкабылова да бул ишканада иштеп жатат.

«Биз бул жерде кара өрүк жана алманын кургатылган кактарын жууп, тазалап, атайын кургатуучу аппаратка салабыз. Андан кийин жамандарын терип, атайын баштыктарга салабыз. Бул кызматыбыз үчүн айына 7000 сомдон маяна алабыз», - деди ал.

Өткөн жылы ачылган ишкана жергиликтүү элдин мөмө-жемиштерин кабыл алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×