Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 10.12.2018 11:04 На русском

Лейлектеги таш-талканы чыккан «КамАЗ», 3 өмүрдү алган жол кырсык. Видео, сүрөт

Turmush -  Лейлек районундагы жол кырсыктан каза болгон 3 адамдын бири кечээ, 9-декабрда жерге берилди. Ал эми калган эки кишинин сөөгү бүгүн, 10-декабрда жерге берилет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын аймактагы бөлүмүнөн билдиришкендей, 9-декабрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Лейлек районунан Баткенди көздөй көмүр жүктөп бара жаткан «КамАЗ» жол кырсыкка учурап, анын кесепетинен үч адам каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей, жолдун оң тарабындагы тоону сүзүп кулаган. Унаада жалпы үч адам болгон.

Алар:

- 1985-жылы туулган Х.М., Баткен районунун Ак-Татыр айылынын тургуну, айдоочу;

- 1990-жылы туулган М.А., Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну;

- 1979-жылы туулган Х.Н., Баткен районунун Орто-Боз айылынын тургуну.

Кырсыкка кабылган унааны Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте чыгарышкан.

Буга чейин 9-декабрда саат 05:00 чамасында Лейлекте жол кырсык болуп, 3 адамдын өмүрү кыйылгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, кырсык Ош–Баткен–Исфана унаа жолунун 315-чакырымында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×