Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусу, Баткен 10.12.2018 10:47 На русском

Баткенде өз өмүрүн кыйган аскер кызматкеринин артында 1 кызы калды

Turmush -  Баткен шаарында өз өмүрүнө кол салган 23 жаштагы аскер кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу айрым фактылар аныкталды. Анын денеси 9-декабрда эртең менен ӨКМдин Баткен шаардык бөлүмүнүн жанындагы өрүк бакта асылып турган жеринен табылган.

Маркум Улуттук гвардиянын 707-аскердик бөлүгүндө келишимдик негизде 2017-жылдан бери эмгектенип жаткан. Окуя болгон учурда ал кызмат өргүүдө жүргөнү белгилүү болду. Ал Ош облусундагы Ноокат районунда өсүп, Баткен шаарында ижарага алган батирде жашап жүргөн. Анын артында бир кызы калды.

Булактардын маалыматы боюнча, мындай кадамга баруусуна жеке маселелер себеп болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×