Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусу, Сүлүктү 10.12.2018 09:22 На русском

Сүлүктүдөгү карылар үйүндө жылуулук жок, - Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы карылар үйүнүн жылуулук системасы талапка жооп бербейт. Мындай тыянакты Кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу улуттук борборунун адистери билдиришти.

Улуттук борбордун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Камалидин Жапаровдун айтымында, аталган борбордо ар кандай шарттардан улам келген адамдардын саны 15ке жеткен. Мекемедеги бөлмөдө жылуулукту өлчөгүч термометрлер коюлган эмес. Электр жабдыктарынын абалы талапка жооп бербегендигине байланыштуу атайын акт түзүлдү. Аталган борбор атайын стационардык жайларда, балдар үйлөрүндөгү жана абактарда кармалып турган адамдардын укугун коргоп, зордук-зомбулукка кабылуусун алдын алуу боюнча иш алып барат. Ал эми текшерүү иштеринин жыйынтыгы Жогорку Кеңешке сунушталат. Кетирилген кемчиликтер жергиликтүү өкүлчүлүктөргө жиберилип, аткарууну аталган борбордун Баткендеги өкүлү көзөмөлгө алат.

Адистер карылар үйүндө алгач тамактануучу жайга, тамак-аш жана колдонулуучу ашкана буюмдарына кароо жүргүздү.

«Карыялардын жашоо шарты, тамактануучу, уктоочу жана жуунучу бөлмөлөрдөгү тазалык талаптагыдай каралуусу шарт. Ал эми мындагы борбордо жылуулук такыр эле жок. Жалаң электр жылыткычтар бар экен. Коопсуздук каралган эмес. Биз эми текшерүүдөн кийин жергиликтүү бийликке маселелерди жеткиребиз. Анын аткарылышын да көзөмөлгө алабыз», - деди Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×