Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 06.12.2018 17:02

Баткенде кыйноолор боюнча 14 арыз түшүп, 13 арыз боюнча кылмыш иш козголгон эмес

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарында кыйноолорду алдын алуу боюнча тегерек стол өттү.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Баткендеги өкүлү Айгүл Таабалдиеванын айтымында, иш-чарага прокуратура, милиция, чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Анда негизинен Баткен облусунда кыйноолорду алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар, убактылуу кармоочу жайдын начар шарттары жөнүндө маселе каралды. Быйыл аларга 14 арыз, 4 кайрылуу келип түшкөн. 1 арыз боюнча кылмыш иш козголуп, 13 арыз боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Кайрылуулардын негизинде Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБдин аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин үстүнөн 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иш козголду. Бирок УКМКнын кароосунда кылмышка жооптуу адам аныкталбагандыктан иш убактылуу токтотулду.

Ошондой эле Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2018-жылдын 17-сентябрында Кадамжай РИИБдин тергөөчүсү Ш.К.нын тартиптик жоопкерчилигин чечүү үчүн Баткен ОИИБдин башчысына сунуш берилди. Калган арыздар боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×