Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 06.12.2018 17:52

Айыл турмушу: Таластык мугалим Ж.Жамансартова Индияга чейин барып, тажрыйба топтоп келген (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Жылдыз Жамансартова 11 жылдан бери мектепте англис тилчи мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылында чоңойгон. Алгачкы эмгек жолу 2003-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектептен башталган. Учурда Талас шаарындагы №4 мектепте иштейт.

«Мектепте үлгүлүү окуучулардан болчумун. Окуучулук күндөрүм аябай жакшы өттү. Анда азыркыдай чөнтөк телефон жок, окуучулардын бири-бирине болгон мамилеси аруу болчу. Эже-агайларды сыйлап, алыстан көрүп калсак түздөнө калып, жол бошотуп учурушат элек. Классымда бирге окуп билим алган окуучулардын арасынан тентегирээк балдар бар болчу. Кыргыз тил сабагын окуткан эжейим аларга кайталап отуруп сабак түшүндүргөндө дагы тентектик кылышар эле. Ошондо эжейим ачууланып, тилдеп же катуу урушпастан «ылайым мугалим болуп калгыла» деп айтчу (күлүп). Азыр ошол балдар мугалим болбосо дагы эр-азамат инсандардан болушту.

2003-жылы Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде окуп баштап, немис тилчи адистигине ээ болуп чыккам. Бул кесипти аркалап калганым дагы жөн жерден болгон жок. Кичинемде апамдын шиш такасын чоң өлчөмдө болсо дагы сүйрөп кийип алып, тактайчага бор менен жазып, гезиттерди кырккылап, эч ким жок болсо дагы сабак өтө берчүмүн. Балалыгымдан эле көкүрөгүмдө болгон мугалимдик ышкыбоздук бар экен. Ар бир жумуштун кыйынчылыгы болгондой эле бул кесип дагы тактыкты, мээнетти талап кылат. Эгер жан дүйнө иштеп жаткан иштин кулу болсо жакшы натыйжа болорунан шек туудурбайт», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле Индияга чейин барып, тажрыйба топтоп келгенин кошумчалады.

«Алгачкы эмгек жолум 2003-жылы Талас шаарындагы №1 орто мектептен башталган. Учурда Талас шаарындагы №4 орто мектепте англис тилчи мугалим болуп иштейм. Окуучуларга интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен билим берем.

2014-жылы мугалимдик квалификацияны жогорулатуу үчүн Индиянын Хайдарабад шаарына 2 айга барып келдим. Ал жактан көптөгөн инновациялык ыкмаларды үйрөндүм. Азыр ошондогу тажрыйбамды колдонуп сабак өтөм. Балдар менен иштешүүдө аларга катуу айтып көңүлдөрүн оорутпай, жакшы сөз айтуу менен жөнгө салам. Антпесе азыркы балдардын ойлонуу сезимдери башкача жана күчтүү», - деди ал.

Мугалим айым жаңы иштеп баштаган күндөгү эсинде калган учурду эскерди.

«Жаңы иштеп баштаганда 8-класстын окуучу баласы такыр сүйлөчү эмес. Унчукпай, созулуп отурчу эле. Жазуу көнүгүүлөрүн жазып коюп, тынч отура берчү. Кандай бала деп сыртынан карап, сүйлөбөйт го деп аяп койчумун. Класстагы балдар дагы «бул бала сүйлөй албайт» деп коюшса мен чын кабыл алыптырмын.

Бир күнү коридордо башка класстын кыздары кубик-рубик ойноп жатышыптыр. Мен аларга кайрылып сүйлөшүп калсам, баягы сүйлөбөгөн бала ары жакта туруптур. Ал кыздардын кубикти жыйнай албай жатканын байкап турган экен. Бир маалда биз тарапка келип, «андай эмес мындай кылып чогултат» деп 40 секундда чогултуп, таң калтырган (күлүп).

Мектепти бүтүп кеткен окуучуларым жолдон көрсө колумдагы оор жүктү көтөрүшө коюп, «эже, убагында сизди угуп, англис тилин окуп алсам болмок экен. Кийин жумушума керек болуп, курстарга барып үйрөнүшкө туура келди» деп айтып калгандары болот», - деди ал.

Жылдыз айым 1 уулдун апасы. Мектептеги иш-чараларда жана майрам күндөрү калем алып, ыр жазып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×