Видео — Баткен шаарындагы үйдүн короосуна карышкыр кирип, койлорду кырып кетти

Turmush - 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Баткен шаарынын Базар-Башы айылында короодогу 7-8 койго карышкыр кол салып, жарып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мергенчилер кабарлады.
Алардын айтымында, короого жалгыз карышкыр кирген. Жырткыч койлордун жөн гана ичин жарып өлтүрүп кеткен. Үй ээси кыйкырып, ызы-чуу кылганда качып кеткен. Малдын ээси жарылган койлордун экөөсүн мууздап, адалдап калууга жетишти.
Учурда жергиликтүү мергенчилер карышкырды атып жок кылуу иштерин жүргүзүүдө.
Кийинчерээк малдын ээси Убайдула Гапыров жалпы 15 баш кой кырылганын билдирди.
Анын айтымында, жырткыч алгач 13 баш койду жарган. Кайра ошол эле күнү кечки саат 20:00 чамасында келип, 2 койду өлтүрүп кеткен. Окуя түндө болгондуктан үйдүн ичинен билинген эмес. Өлтүрүлгөн койлор чуңкур казылып көмүлмөк болду.
Базар-Башы кварталынын башчысы Кубанычбек Турсунбаев менен мергенчи Абдилла Кадыров өлгөн малдарды көрүп, болжол менен аларга чөө бөрү кол салганын айтышты.