Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.12.2018 11:19

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду социалдык жатак мекемедеги бейтаптарды белектер менен кубантты (сүрөт)

Turmush -  3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук иштерине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун кызматкерлери да активдүү катышты. Алар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы Ак-Суу аялдардын социалдык стационардык жатак мекемесинин бейтаптарына материалдык жардам көрсөтүшкөн.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомго аралаштыруу, аларга шарт түзүп берүү ар бир адамдын милдети экенин фонддун директору Алдарбек Тойгоналиев белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана стационардык мекемелердеги көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Ал эми аталган мекемеде 250дөн ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер дарыланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×