Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 04.12.2018 17:18

Кадамжайдын Тамаша айылында жакыр жашаган үй-бүлөлөргө азык-түлүк, көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Тамаша айылында жакыр жашаган үй-бүлөлөргө кышка карата азык-түлүк жана көмүр таркатылды. Бул тууралуу айыл башчы Муса Темиров билдирди.

Анын айтымында, жардамды чет өлкөдө иштеген мигранттар каржылап, жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү.

«Чет жакта иштеп жүргөн мигранттар акча топтоп, Тамаша айылындагы жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Анын ичинен 3 үй-бүлөгө жарым тонна, 2 үй-бүлөгө 1 тонна көмүр жана азык-түлүктөрдү бердик», - деди Темиров.

Булардан тышкары 1 кап ун, 5 литр май, 5 кг шекер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×