Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 04.12.2018 16:07

Кадамжай, Баткен райондорунда майып адамдарга белектер тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыбына келтирүү борборуна кир жуучу машина тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Кир жуучу машинаны тапшырган коомдук бирикменин өкүлү Чыңгыз Исановдун айтымында, алар мекемеге кир жуучу машина алып берүүгө убада беришкен болчу.

«Биз 27-октябрда Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунан кабар алган элек. Анда мекеменин жетекчиси кир жуучу машина жок болгондуктан балдардын кийимин жууганда кыйналып жаткандыктарын айтышкан. Анда жаңы жылга чейин кир жуучу машина алып келип беребиз деп убадалаганбыз. 3-декабрь — Майып адамдардын эл аралык күнүнө карата аны алып келип тапшырдык», - деди ал.

Андан тышкары борбордогу балдарга таттуулар тапшырылды. Аталган мекемеде майып 27 бала тарбияланат.

Майыптар күнүндөгү жардам берүү иштери Кадамжай районунда да уюштурулду. Райондун акимчилиги 50гө жакын адамга акчалай жардам көрсөттү. Бул күнгө карата Кадамжай райондук администрациясынан 15 миң сом акча бөлүнгөн.

Майрамга арналып маданият кызматкерлери, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа да тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×