Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 04.12.2018 14:25 На русском

Ош—Баткен—Исфана жолунун курулушуна катышкан айылдыктар нааразычылык акцияга чыгышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-декабрда Кадамжай районунда жол куруп жаткан жумушчулар курулуш компаниясынан акчаларын ала албай жаткандыгын айтып, нааразычылык акцияга чыгышты.

Алардын айтымында, чогулгандардын арасында компаниянын жумушчалары эле эмес, үйүн, техникасын ижарага берип, акысын ала албаган адамдар да бар.

«Мен 2017-жылы октябрь айында ишке киргем. «Чакыр йапы» курулуш компаниясы элди ишке алып, кээ биринин техникасын жана бензин, соляркаларын алып, акысын бербей койду. Угушум боюнча кээсин бөлүп-бөлүп бериптир. Менден да күйүүчү май алып, 600 миң сомдой акчамды бербей жатышат. Бүгүн акчасын ала албагандар чогулуп, акчаларыбызды өндүрүп берүүнү талап кылып жатабыз», - деди акцияга чыккандардын бири Советбек Абдраимов.

Ага окшоп акчасын өндүрө албагандар 200дөн ашык. Алардын ичинде 10 миң сомдон баштан 600 миң сомго чейин акчасын ала албай жаткандар бар.

Чогулган эл менен район акими Жаныбек Исаков жолушту.

«Жолдун курулушу 2017-жылдын күзүндө башталган. Компания жергиликтүү тургундардын техникаларын, короо-жайларын ижарага алып иштеткен. Бирок булардын көпчүлүгүнүн каражаттарын төлөбөгөндүктөн, мага айтылган маалыматтар боюнча компания жалпы элге 300 миң доллардын тегерегинде карыз. Бүгүн эл качан бизге акчабызды төлөйт деген талап коюп жатышат. Мен алардын жетекчилиги менен сүйлөштүм. Алар кийинки жумада келип, эл менен жолугуп, маселени чечебиз деп айтышты. Мен элдин талабын компания жетекчилигине жеткирип, ошол эле учурда алардын келишимде түзүлгөн айлык маяналарын төлөп берүү маселесин да койдум», - деди Жаныбек Исаков.

Ал эми жолдун долбоорунун өкүлү Дмитрий Жафаров акчалар эсеп ачылса бериле тургандыгын айтты.

«Азыр эсеп жергиликтүү бийлик тарабынан жабылып калган. Эгерде эсеп ачылса, элдин акчасын беребиз», - деди ал.

Аталган жолдун курулушунда иштегендер буга чейин июль айында маяналарын ала албай жатышкандыктарын айтып, иш ташташкан.

Андан кийин ноябрь айында жумушчулар маяналарын ала албай жатышкандыктарын айтып, маалымат жыйын өткөрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×