Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 04.12.2018 12:49 На русском

А.Абдырахманов Баткен облусунун жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Ж.Исакулов дайындалды

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдырахманов өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Баткендеги жыйында Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов билдирди.

Маалыматка караганда, анын кызматтан бошотулушу боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев кол койду.

Алишер Абдырахманов бул кызматка 2016-жылдын август айында дайындалган болчу

(Алишер Абдырахманов)

А 1

Ал эми анын ордуна Исакулов Жылдызбек Абдубахатович орун басар болуп дайындалды. Анын аталган кызматка дайындалышы боюнча өкмөттүн атайын буйругу чыкты.

Жаңы орун басар облус жетекчилигинин эмгек жамаатына бүгүн, 4-декабрда тааныштырылды. Ал буга чейин Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

(Жылдызбек Исакулов)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×