Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Баткен 04.12.2018 14:00 На русском

Баткенге депутат айымдар келип, аялдардын укугу, аларга болгон зомбулук жөнүндө маселени көтөрүштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин депутат айымдары Баткенде «Аялдар, тынчтык коопсуздук, коомдук угуу» деген аталыштагы жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушууга депутаттар Карамат Орозова, Айнура Алтыбаева, Аида Касымалиева келди. Иш-чарага Баткендеги район-шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, чиновниктер, жергиликтүү кыз-келиндер катышты. Анда бүгүнкү күндө аялдарга жана балдарга болгон зордук-зомбулук жана гендердик теңчилик тууралуу кеп болду.

«Үй-бүлөдө болобу, саясатта болобу аялдын орду башка. Учурда парламенттеги депутаттардын 20-30% аялдар түзөт. Бул жерде бийлик талашуу эмес, мамлекетти коргоо, өнүктүрүү үчүн иштөө болуп саналат. Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарында да аялдар өтө аз. Жогорку Кеңештен караганда жергиликтүү кеңештен башташ керек», - деди Карамат Орозова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×