Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 04.12.2018 10:41 На русском

Лейлекте жайлоого жылкы издеп кетип жоголгон малчынын денеси 5 күндөн кийин табылды

Turmush -  Лейлек районунда 29-ноябрда жайлоого жылкы издеп кетип дайынсыз жоголгон К.М.нын денеси кечээ күнү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 1966-жылы туулган К.М. Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кетип дайынсыз жоголгон. Туугандары ӨКМге 2-декабрь күнү кайрылышкан. Издөө иштерине жалпы 25 куткаруучу тартылган. Анын жансыз денеси кечээ, 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужум жайлоосунан табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×