Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 03.12.2018 15:40 На русском

Баткенде майып адамдарга, майып балдарга акчалай жардамдар таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүндө Баткен районунун акимчилиги майып адамдарга белектерди тапшырды.

Райондун акими К.Салихов Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акчалай жардамдарын тапшырды. Ал эми айыл өкмөт татууларды белек кылган.

Ошондой эле Самаркандек айылындагы «Үмүт-Самаркандек» атайын адистештирилген бала бакчасына барышып, балдардан кабар алышты. Дара, Кара-Бак, Кара-Булак, Суу-Башы айыл өкмөттөрүндөгү майып балдарга акчалай жардам жана таттуулар белек кылынды.

Мындан тышкары ушундай эле иш-чара Сүлүктү шаарында белгиленди.

Мэриянын маалыматына караганда, сен соолугу майып 100 адамга 400 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Аларга акчалай жардамдан тышкары концерттик программа тартууланды.

Учурда Сүлүктү шаарында майыптыгы бар 1364 адам бар. Аларга республикалык бюджеттен ай сайын жөлөк пул берилет. Быйыл 5 адамга майыптар арабасы берилсе, 27 адамга санатордук эс алууга жолдомо ыйгарылды. Жыл башынан бери мэриянын резервдик фондунан 48 адамга 135 миң сом акчалай жардам, КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн резервдик фондунан 10 үй-бүлөгө 50 миң сом акчалай жардам берилди. Көмүр казган ишканалардын жетекчилери тарабынан 335 үй-бүлөгө 10 каптан көмүр жеткирилип берилген.

Майыптар күнү Кызыл-Кыя шаарында да белгиленди.

Мэриянын маалыматына караганда, майып адамдар үчүн 100 миң сом бөлүнгөн. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көңүл буруу боюнча 1 айлык иш-чаралар башталды. 2018-жылдын 22-ноябрынан 22-декабрына чейин жергиликтүү бийлик органдары, мекеме-ишканалар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган иш-чараларын өткөрөт.

Андан сырткары квартал комитеттеринин сунуштарынын негизинде тизме түзүлүп, жардам көрсөтүлө турган 100 адам мекеме-ишканаларга бөлүнүп берилди. Мекеме-ишканалар акчалай, азык-түлүктөрдү таратып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×