Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 03.12.2018 11:22 На русском

Лейлектин тургуну жайытка жылкы издеп кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Баткендин Лейлек районундагы Катраң айыл аймагынын тургуну жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда. ӨКМдин маалыматы боюнча, 1966-жылы туулган К.М. Өзгөрүш айылындагы үйүнөн 29-ноябрь күнү Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп кеткен.

Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн кечээ, 2-декабрда 11 куткаруучу, ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан 3 кызматкер, Лейлек райондук бөлүмүнөн 5 кызматкер жана №31 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, №26 бөлүмдөн 1 куткаруучу, жалпы 25 адам чыккан. Бирок азырынча жыйынтык боло элек.

Издөө иш-чаралары бүгүн, 3-декабрда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×